Урматтуу абоненттер!
Поделиться материалом
Опубликовано: 03 августа 2021

        Энергетика секторунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, ошондой эле тармакта кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукка ырааттуу түрдө маалымат берүү - Улуттук энергохолдингдин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп эсептелет.

         Энергокомпаниялардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат керектөөчүлөр менен эффективдүү өз ара аракеттенүүнү камсыздоого, пикирлерди алууга жана энергия ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча максаттарга жетүүдө калктан көмөк алууга багытталган.

         Улуттук энергохолдинг энергетика тармагынын ачык-айкындуулугун өнүктүрүү максатында, компаниянын сайтында виртуалдык кайрылууларды кабыл алуу бөлүмү иштеп жаткандыгын эскертет. Виртуалдык кайрылууларды кабыл алуу бөлүмүнө ар бир абонент кайрылуу жаза алат жана анын кайрылуусуна мүмкүн болушунча тез арада жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

         Калкты актуалдуу маалымат менен камсыз кылуу жана пайда болгон маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү максатында, Улуттук энергохолдинг, Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын мүчөлөрү тарабынан жарандарды кабыл алуу күндөрүн аныктады. Башкарманын төрагасы, Талайбек Байгазиев жарандарды бейшемби күнү саат 17:00дөн 19:00гө чейин кабыл алат. Ал эми, төраганын орун басарларынын кабыл алуу графиги компаниянын сайтынын, "Жетекчилик" бөлүмүндө жазылган.

         Ошондой эле, эгерде сизде кандайдыр бир суроолор болсо, Улуттук энергохолдингдин социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу байланышсаңыз болот.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда.

Улуттук энергохолдинг Бишкектин түнкү жарыктандыруусун чектебөө чечимин кабыл алды. 

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана “Альфа-Телеком” ЖАКынын (MegaCоm соода белгиси) башкы директору Азат Базаркулов  санариптик трансформациялоо жана алдыңкы маалымат системаларын киргизүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту.