Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев Бишкек шаарындагы ЖЭБге барды
Поделиться материалом
Опубликовано: 29 июля 2021

Улуттук энергохолдингдин жетекчилиги Бишкектеги ЖЭБге барып, алдыдагы күз-кыш мезгилине багытталган даярдыктары менен таанышты.

ЖЭБдин жетекчилигине пландаштырылган бардык оңдоп-түзөө иштерин өз убагында жүргүзүү, авариялардын санын азайтуу жана ЖЭБ кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.

Жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз иштеп чыгууну камсыз кылуу үчүн катуу отунду өз убагында сатып алуу, көмүрдүн сапаттуу эксперименталдык күйүүсүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл экендиги белгиленди.

Белгилей кетүүчү нерсе, Бишкек шаарындагы ЖЭБге келген көмүр отундун бардык түрлөрүн анализдөөчү жана көмүрдүн сапатын, калориялуулугун жана зыяндуу заттардын деңгээлин аныктоочу эксперименталдык күйүүсүн жүргүзүүчү лабораторияда изилдөөдөн өткөрүлөт.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда.

Улуттук энергохолдинг Бишкектин түнкү жарыктандыруусун чектебөө чечимин кабыл алды. 

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана “Альфа-Телеком” ЖАКынын (MegaCоm соода белгиси) башкы директору Азат Базаркулов  санариптик трансформациялоо жана алдыңкы маалымат системаларын киргизүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту.