Энергетиктер, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында калыбына келтирүү иштерин аяктоодо
Поделиться материалом
Опубликовано: 27 июля 2021

“Ош электр” ААК менен “Жалалабат электр” ААКнын энергетиктери селден жабыркаган жергиликтүү конуштардагы электр энергиясын калыбына келтирүү иштерин аякташты.

Жалпысынан, Баткен облусунда 0,4 кВ аба чубалгысы боюнча 9 тирөөчүн сел жууп кетти, ал эми селдин кооптуу жерлериндеги 4 тирөөч жылдырылды. Зымдарды монтаждоо иштери жүргүзүлүп, Согмент, Газ, Кара-Булак айылдарынын жашоочуларына чыңалуу берилди.
Бүгүнкү күндө электр энергиясын берүүчү эки тирөөчтү коопсуз аралыкка жылдыруу боюнча иштер жүрүп жатат.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 10 / 0,4 кВ чыңалуудагы 13 көмөкчордон чыңалуусуз калды, эки тирөөчүн сел жууп кетти.
Ошондой эле “Жалалабат электр” ААКтын кызматкерлери коомдук иштерге активдүү катышып жаткандыгын белгилей кетүү керек. Селден жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн атайын топтор түзүлүп, калктын үйүн тазалоого жардам беришти.
Учурда эки аймакта авариялык калыбына келтирүү иштери аяктап, жабыркаган аймактардагы жергиликтүү конуштар электр энергиясы менен камсыздандырылды.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда.

Улуттук энергохолдинг Бишкектин түнкү жарыктандыруусун чектебөө чечимин кабыл алды. 

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана “Альфа-Телеком” ЖАКынын (MegaCоm соода белгиси) башкы директору Азат Базаркулов  санариптик трансформациялоо жана алдыңкы маалымат системаларын киргизүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту.