Талайбек Байгазиев Улуттук энергохолдингдин эмгек жамаатына тааныштырылды
Поделиться материалом
Опубликовано: 27 июля 2021

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы, жалгыз акционердин өкүлү, Айбек Акмолдоев Улуттук Энергохолдингдин эмгек жамаатына Башкарманын төрагасы болуп дайындалган Талайбек Байгазиев жана Башкарманын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган Равшанбек Касымовду тааныштырды.

Акционердин өкүлү ийгиликтерди каалап, алдыдагы күз-кыш мезгилине даярданууга, калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга багытталган тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Талайбек Байгазиев жана Равшанбек Касымов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылыгын билдиришип, Улуттук энергохолдингге жаңы генерациялык кубаттуулуктарды куруу, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана энергетикалык компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча коюлган тапшырмаларды аткарууну улантууга ниеттенип жаткандыктарын белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин чечими менен Башкарманын төрагасы Асхат Бердиев менен Башкарманын Төрагасынын биринчи орун басары Жолдошбек Ачикеевдин ыйгарым укуктары башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу токтотулду.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Улуттук энергохолдинг Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда.

Улуттук энергохолдинг Бишкектин түнкү жарыктандыруусун чектебөө чечимин кабыл алды. 

Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын төрагасы Талайбек Байгазиев жана “Альфа-Телеком” ЖАКынын (MegaCоm соода белгиси) башкы директору Азат Базаркулов  санариптик трансформациялоо жана алдыңкы маалымат системаларын киргизүү жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюшту.