“Муз-Төр” бийик тоолуу чек ара заставасы электр энергия менен камсыз болду
Поделиться материалом

 30-жылдан ашуун мурун курулган, алыскы  чек ара заставаларынын бири  ишенимдүү жана  үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздандырылды.

  110 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордонду куруу иштери рекорддук мөөнөттө, тагыраак айтканда 20 күндүн ичинде “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК жана “Чыгыш электр” ААКтын компанияларынын кызматкерлери менен өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү. Курулуш иштеринин жалпы суммасы 5 миллион 700 миң сомду түздү.

  Буга чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан чек ара заставасы толугу менен дизелдик электр станциясына көз каранды болчу.

  Көмөк чордондун курулушу менен бюджеттен жыл сайын болжол менен 2 миллион сом үнөмдөлөт.

  Көмөк чордонду ишке киргизүүнүн салтанаттуу аземи Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев, Министрлер кабинетинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев жана “Кыргызстан УЭТ” ААК башкы директору Алтынбек Рысбековдун катышуусу менен болуп өттү

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-июнда Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында заставаны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча буйрук берген.

Поделиться материалом