Төраганын биринчи орун басары Баткен облусунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты
Поделиться материалом

Кыргызстандын түштүгүнө болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев, Улуттук энергохолдингдин “Ош электр” ААК жана“Кыргызстан УЭТ” ААкнын ОшЖЧЭТинин Баткен облусун материалдык резервдер менен өз убагында камсыз кылуу жана электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча мурда иштелип чыккан иш-чаралар планынын аткарылышы менен таанышуу максатында Баткен облусуна барды.

 Бүгүнкү күндө “Ош электр” ААК Баткен шаарындагы чек арадагы жаңжал учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө курулуп жаткан 36 үйгө электр зымдарын тартуу үчүн бардык керектүү техникалык материалдарды берди.

Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев, жаңжалда жапа чеккен айылдарда күз-кыш мезгилин өтүүнү ийгиликтүү аяктоо боюнча бардык плндаштырылган иш-чаралар өз убагында жана толук көлөмдө аткарылышы зарыл экендигин белгиледи.

Поделиться материалом