Улуттук Энергохолдинг Экономикалык талдоо, пландаштыруу жана сатып алуулар бөлүмүнүн экспертинин бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.
Поделиться материалом

 

Милдеттүү талаптар: 

  • Экономика жаатында жогорку билими (Каржы, бухгалтердик эсеп)
  • Бухгалтердик эсеп, каржылык пландаштыруу жана контролдоо чөйрөсүндө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • Башкаруу эсебин киргизүү боюнча практикалык тажрыйбасы;
  • Инвестициялык долбоорлорду баалоо жана мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы;
  • Мамлекеттик сатып алуулар жаатында 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • Ири өндүрүш холдингдерде же консалтинг компанияларында иш тажрыйбасы (баалоо/ корпоративдик каржылоо);
  • Өздүк наркты, рентабелдүүлүктү жана бааны эсептөө көндүмдөрү;
  • Маалыматты иштеп чыгуу жана финансылык божомолдорду, пландарды, аналитикалык таблицаларды, графиктерди түзүү чеберчилиги;
  • Аналитикалык ой жүгүртүү, чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө жөндөмдүүлүгү, каржылык сабаттуулук, кунт коюу, натыйжага маани берүү;
  • Стресске туруктуулук;
  • 1С программасы менен иштөө билими жана тажрыйбасы;
  • Microsoft Officeтин өнүккөн колдонуучусу (атап айтканда, Excel, PowerPoint)

Милдеттери: 

  • Долбоорлоду башкаруу, жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө комплекстүү мамилени түзүү, жетекчилик тарабынан чечим кабыл алууну коштоочу жол-жоболорду башкаруу;
  • Документтерди, анын ичинде презентацияларды, каттардын долбоорлорун, актыларды, протоколдорду даярдоо;
  • Туунду энергетикалык компаниялардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча моделдөө, талдоо, сунуштарды иштеп чыгуу
  • Финансылык-экономикалык моделдерди иштеп чыгуу (эсептөө ыкмаларын, долбоордун натыйжалуулугунун критерийлерин тандоо);
  • Башкарма үчүн үзгүлтүксүз аналитикалык очетторду жана презентациялык материалдарды (отчетторду) даярдоо

Эмгек шарттары: 

  • • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жумушка орноштуруу
  • Жакшы көлөмдөгү айлык акы

Резюмени 2021-жылдын 25-майында саат 12-00гө чейин office@energyholding.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.

Поделиться материалом