Улуттук Энергохолдингдин Башкармасынын Төрагасы Нурбек Козубеков баштаган эмгек жамааты Төмөнкү-Чүй адистештирилген мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына барып, Жаңы жылдын алдында белектерин тапшырышты.
Кайрымдуулук кылуу максатында социалдык мекемеге баруу жакшы салт болуп эсептелет. Жыл сайын жай жана кыш мезгилдеринде Улуттук энергохолдингдин кызматкерлери жалпы жамаат чогулткан каражаттын эсебинен мектепти актоо-сырдоо жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүп, балдарга майрамдык маанай тартуулашат. Башкарманын Төрагасы Нурбек Козубеков балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, мугалимдерге окуучуларга арнаган эмгеги жана камкордугу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биз, эмгек жааматыбыз менен бир нече жылдан бери кам көрүп келген мектепке жардам бергенинибизге абдан кубанычтабыз. Балдардын ар дайым чоңдордун көңүлү жана камкордугу менен курчоосунда болуусун каалайбыз. Бул биздин милдетибиз. Балдарга мындан ары да колдоо көрсөтөбүз деген ниетибиз бар жана алардын мектепте, майрам күндөрүн эсте калаарлык өткөзүүсүнө болгон күч-аракеттерибизди жумшайбыз”, - деп белгилеген Нурбек Козубеков, балдарга жакшы окуп, алдына койгон максаттарына жетүүсүн каалады.
Мектеп окуучулары келген конокторду жылуу тосуп алышып, жомок каармандары - Аяз ата менен Аяз кыздын катышуусундагы Жаңы жылдык спектаклди тартуулашты.