Бүгүн, 29-октябрда Бишкек ЖЭБинде жабдууларды коргоочу система иштеп кетти. Буга Бишкек ЖЭБдеги БАТтан (бөлүштүрүүчү ачык түзүлүштөн) 110 кВ “Бишкек” көмөк чордонго (“Түндүкэлектр” ААКтын жабдуусу) кеткен кабелдик чубалгынын туташуусу (замыкание) себеп болду. Ушунун айынан Бишкек ЖЭБинде 7 АТ (автотрансформатор) өчүрүлүп, бул Бишкек ЖЭБдин жабдууларын коргоо системасынын иштеп кетүүсүнө алып келди да, натыйжада ЖЭБдин буу казандары жана бара-генераторлору автоматтык түрдө өчүп калды. Аварияга каршы клапандар иштеп кетип, жабдуу ашыкча бууну чыгарып жиберди. Эч кандай жарылуу, өрт жана авария болгон жок.
Электр энергиясын иштеп чыгаруу, жылуулук жана ысык суу берүү режими калыбына келтирилди. Бишкек ЖЭБи келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.