Улуттук энергохолдингдин “Чыгышэлектр” ААКтын штаттык санын оптималдаштыруу боюнча түшүндүрмөсү
Поделиться материалом
Опубликовано: 31 января 2020

Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы эки административдик-башкаруу персоналы акционердик коомдун кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин кайталагандыгы, компаниянын каражаттарын сарамжалдуу эмес пайдаланууга алып келет.  Бул, өз кезегинде “Чыгышэлектр” ААКна тиешелүү деңгээлде электр тармактарын оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө, жана керектөөчүлөрдү тейлөөгө мүмкүндүк бербейт.

Ушуга байланыштуу, Улуттук энергохолдинг тарабынан мурда акционердик коомдун Директорлор кеңешине штаттык санды оптималдаштырууну жүргүзүү жана эки облустагы кардарларды натыйжалуу тейлөө максатында компаниянын офисин Каракол шаарынан Балыкчы шаарына көчүрүү сунушталган.

Бирок, үстүбүздөгү жылдын 28-январында, Улуттук энергохолдингдин Башкармасынын мүчөлөрү катышкан “Чыгышэлектр” ААКтын жумушчу кеңешмесинде компаниянын эмгек жамааты кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу, акционердик коомду башкарууну Каракол шаарында калтыруу, ошол эле учурда эки облустагы кызматкерлердин санын оптималдаштыруу өтүнүчү менен кайрылган.

Кызматкерлердин өтүнүчүн эске алып, компаниянын дарегин өзгөртпөө жана акционердик коомдун Башкы дирекциясы жана Директорлор кеңеши менен биргеликте “Чыгышэлектр” ААКтын түзүмүн оптималдаштырууну эмгек жамаатына (кесиптик кошунга) тапшыруу тууралуу чечим кабыл алынды.

Белгилей кетчү нерсе, керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын начарлатууга жол бербөө үчүн, штаттык санды кыскартуу ыкчам-оңдоо бригадалардын кызматкерлерине жана башка техникалык кызматкерлерге тийбейт.

Оптималдаштыруу ошондой эле жашы жеткендигине байланыштуу пенсияга чыккан кызматкерлердин эсебинен жүргүзүлөт.

Компаниянын кыскартууга туш болгон бардык кызматкерлери кадрлардын резервине катталат.  Келечекте, бош орун пайда болгон учурда алар биринчи кезекте жумушка орноштурулат.

Интеллектуалдык эсептөө алеттери туура эмес иштейт имиш деген сөздөр боюнча, Улуттук энергохолдинг арыз менен кайрылган ар бир керектөөчүгө электрондук эсептегичтерди ЭКЭАТ (АСКУЭ) эсептегичтери менен катарлаш орнотуп, ЭКЭАТтын туура иштөөсүн текшерүүнү ишке ашырууга даяр экендигин билдирет.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.

Келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктоолорубузду кабыл алыңыз!