Улуттук энергохолдингдин кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Маевка айылындагы “Агрокурулуш” ЖАКтын аймагында жайгашкан мыйзамсыз майгинг-ферма табылды.
Майнинг-ферманы кароодон өткөргөндө криптовалюта өндүрүүчү жабдуулар орнотулган контейнер табылды. 2019-жылда “Агрокурулуш” ЖАК, майнингди кошкондо 283 миң кВт/саат электр энергиясын керектеген.
“Түндүкэлектр” ААКка майнинг-фермага электр энергиясын берүүнү токтотуу жана майнинг-ферманын электр тармагына мыйзамсыз кошулуусуна жол берген Аламүдүн районунун райондук электр тармактарынын кызматкерлерине катаал тартиптик чараларды көрүү тапшырылды.
Азыркы учурда Улуттук энергохолдинг тарабынан майнинг-фермалардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу механизмдерин түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө.