Улуттук энергохолдингдин эмгек жамаатына Башкарманын Төрагасынын орун басарлары тааныштырылды
Поделиться материалом
Опубликовано: 27 июня 2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Төрагасынын орун басары Бекболот Алиев, Улуттук энергохолдингдин жамаатына жаңы дайындалган Башкарманын Төрагасынын Биринчи орун басары Абдылда Исраиловду, жана Башкарманын Төрагасынын орун басары Тилек Айталиевди тааныштырды.

Бекболот Алиев, Улуттук энергохолдинг Башкарманын Төрагасы Айтмамат Назаровдун жетекчилиги астында тармакты өнүктүрүү боюнча маанилүү жана келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга жөндөмдүү экендигине ишенгендигин билдирип, ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Айтамамат Назаров, жаңы орун басарларды дайындоодо башкы критерийлер болуп, алардын кесипкөйлүгү жана энергетика тармагындагы иш тажрыйбасы болгондугун белгиледи.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Күз кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планы аткарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен 2022/2023-жылдарынын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү жана ишенимдүү өткөрүү максатында энергетикалык ишканалар үчүн жабдууларды оңдоонун 2022-жылга пландык көрсөткүчтөрү белгиленген.

Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидов тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев Улуттук энергохолдингдин жамаатына Башкармалыктын Төрагасынын биринчи орун басары Шакиржан Саидовту тааныштырып, анын энергетика тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын өзгөчө белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиевди жамаатка тааныштырды.