2019-жылдын бөлүштүрүү тармактарынын мыкты бригадасы аныкталды
Поделиться материалом
Опубликовано: 14 июня 2019

“Чыгышэлектр” ААКнын базасынын машыгуу полигонунда Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын 85 жылдыгына арналган кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш соңуна чыкты. Катышуучулар жети тапшырманы практика жүзүндө аткарышып, теория боюнча бир экзамен тапшырышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча үчүнчү орунга «ЖалалАбатэлектро» ААКнын жана  «Ошэлектро» ААКнын бригадалары чыгышты. Экинчи орун “Чыгышэлектр” ААКнын бригадасына ыйгарылып, ал эми “Северэлектро” ААКнын бригадасы “2019-жылдагы бөлүштүрүү тармактарынын мыкты бригадасы” наамына татыктуу болду жана КМШ өлкөлөрү арасындагы эл аралык электр энергетика тармагында кесиптик чеберчилик боюнча XVI мелдеште Кыргыз Респуликасынын атын коргоп чыгат. Аталган мелдеш үстүбүдөгү жылдын 14-сентябрдан тарта 25 сентябрга чейин Казахстан өлкөсүндөгү Кызылорда шаарында өткөрүлмөкчү.

Баса белгилей кетчү нерсе,  бул мелдеш кызматкерлердин тажрыйбаларын арттыруу, ыкчам аракеттерин күчөтүү жана ишке болгон жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуу үчүн уюштурулат.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.

Келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктоолорубузду кабыл алыңыз!