Караколдо “Бөлүштүрүүчү тармактардын мыкты бригадасы” наамы үчүн мелдештер өткөрүлөт
Поделиться материалом
Опубликовано: 06 июня 2019

Быйылкы жылда Кыргызстандын энергетикасы 85 жашка толот.  Улуттук энергохолдинг тарабынан бул белгилүү мааркеге арналган бир катар иш чаралар пландаштырылган.

Ошентип, 2019-жылдын 10-июнунан 14-июнуна чейин “Кыргыз Республикасынын бөлүштүрүүчү тармактарынын мыкты бригадасы” наамы үчүн “Чыгышэлектр” ААКнун Каракол РЭТиндеги окуу-өндүрүштүк борборунда республикалык мелдештер өткөрүлөт.  Мелдештерди өткөрүүнүн максаты – бөлүштүрүүчү тармактарды тейлөөдө ыкчам-оңдоо кызматкерлерин иштин коопсуз усулдарына практикалык жактан үйрөтүү, кызматкерлердин дараметин, жумуштун сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу, майып болуучулукту төмөндөтүү жана кесиптик даярдыктын деңгээлин жогорулатуу.

Республикалык мелдештерде ар бир бөлүштүрүүчү электр компанияларда (БЭК) өткөрүлгөн тандоолордо эң жогорку кесипкөйлүктү көрсөткөн командалардын мыкты өкүлдөрү катышат.

Мелдештердин жүрүшүндө катышуучулар практикалык тапшырмалардын жети түрүн, электр жабдууларды колдонууда коопсуздук техникаларын жана техникалык тейлөө эрежелери боюнча теориялык сынак тапшырышат.  Практикалык тапшырмалардын ичинде – жабыр тарткан адамды электр тогунун таасиринен бошотуу жана алгачкы медициналык жардам берүү;  капталбаган сымды СИП 0,4 кВ капталган сымы менен жана башка электр техникалык жабдуу менен алмаштыруу.

Жеңүүчүлөрдү аныктоонун критерийи болуп, катышуучулардын иш-аракеттеринин техникалык коопсуздукка шайкеш келүүсү жана албетте, ыкчамдыгы эсептелет.

БЭКтин ыкчам-оңдоо кызматкерлеринин бригадаларынын ортосундагы кесипкөйлүк устаттыгы боюнча мелдештер ошондой эле эмгектин сарамжалдуу жана коопсуз ыкмаларын жайылтууга, оңдоо-колдонуу иштерин өткөрүүнүн технологиялары жана алдыңкы тажрыйбалары менен алмашууга, эмгекти жеңилдетүүчү жана бөлүштүрүүчү тармактарда иштерди жүргүзүүдөгү коопсуздукту жогорулатуудагы жаңычылдыктарды көрсөтүүгө багытталган.

“Бөлүштүрүүчү тармактардын мыкты бригадасы” наамына татыктуу болгон команда, Кыргыз Республикасынын атынан 2019-жылдын 14-сентябрынан 25-сентябрына чейин Казакстан Республикасынын Кызылорда шаарында өтүүчү  КМШга катышкан өлкөлөрдүн электр энергетика тармактарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүк устаттыгы боюнча XVI Эл аралык мелдештерде катышат.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.