Улуттук энергохолдингде “Биргелешсек – Кыргызстан жарыгыраак” фестивалынын алкагында, ошондой эле Республиканын энергетика тармактарынын түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгынын урматына өткөрүлгөн балдар сүрөттөрүнүн конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды. Балдардын эмгектери энергияны сарамжалдуу колдонуу темасына багышталган.
Акцияда Улуттук энергохолдингдин кызматкерлеринин балдары катышты.
“Биргелешсек – Кыргызстан жарыгыраак” аталыштагы энергияны сарамжалдуу пайдалануу фестивалы – Кыргызстандын жашоочуларынын көңүлүн энергоресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, тиричиликте жана өндүрүштө заманбап энергонатыйжалуу технологияларды колдонуу маселелерине буруу боюнча акция. Фестиваль Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин, БУУнун Өнүктүрүү Программасынын, жана башка ведомстволордун жана коомдук уюмдардын уюштуруучулук колдоосу менен өтүп жатат.