2017 – 2018 жылдардагы электр энергиясын иштеп чыгаруунун жана керектөөнүн көрсөткүчтөрү
Поделиться материалом
Опубликовано: 17 апреля 2019

“Электр станциялары” ААКнун электр энергиясын иштеп чыгаруу көлөмү:

2018-жылда – 15 472,8 млн кВтс, бул 2017-жылдын көрсөткүчүнөн 321,4 млн кВтс же 2%га көп;

2017-жылда – 15 151,4 млн кВтс;

Электр энергиясынын өздүк, өндүрүштүк муктаждыктарга чыгымдалуусу, “Электр станциялары” ААКнун көмөкчү чордондорунда электр энергиясынын жоголуусу:

2018-жылда – 320,5 млн кВтс, бул 2017-жылдагыга караганда 11,5 млн кВтсаатка аз;

2017-жылда – 309,0 млн кВтс.

“Чакан ГЭС” ААКнун электр энергиясын иштеп чыгаруу көлөмү:

2018-жылда – 181,4 млн кВтс, бул 2017-жылдын көрсөткүчүнөн 8,5 млн кВтс же 4,5%га аз;

2017-жылда – 189,9 млн кВтс.

Электр энергиясынын өздүк, өндүрүштүк муктаждыктарга чыгымдалуусу, “Чакан ГЭС” ААКнун көмөкчү чордондорунда электр энергиясынын жоголуусу:

2018-жылда – 3,53 млн кВтс, бул 2017-жылдын көрсөткүчүнөн 0,18 млн кВтсаатка көп;

2017-жылда – 3,35 млн кВтс.

“Кыргызстан УЭТ” ААКнун 110-500 кВ электр тармагына электр энергиясынын келип түшүүсү:

2018-жылда – 14 932,3 млн кВтс, бул  2017-жылдагыга караганда 227,9 млн кВтсаатка көп;

2017-жылда – 14 704,4 млн кВтс.

“Кыргызстан УЭТ” ААК тарабынан ташууга кеткен электр энергиясынын чыгымы:

2018-жылда – 794,1 млн кВтс же келип түшкөн электр энергиясынын 5,32%, бул 2017-жылдагыга караганда 12,7 млн кВтс же 0,17%га аз;

2017-жылда – 806,8 млн. кВтс же келип түшкөн электр энергиясынын 5,49%.

Электр энергиясын экспорттоонун көлөмү:

2018-жылда – 752,5 млн кВтс, бул 2017-жылдагыга караганда 460,4 млн кВтсаатка аз (анын ичинде Өзбек Республикасына – 752,2 млн кВтс, Казакстан Республикасына – 0,3 млн кВтс);

2017-жылда – 1 212,9 млн кВтс (анын ичинде Өзбек Республикасына – 1 212,5 млн кВтс, Казакстан Республикасына – 0,4 млн кВтс).

“Электр станциялары” ААКна жана “Кыргызстан УЭТ” ААКна электр энергиясын берүү:

- электр энергиясын ири керектөөчүлөргө (ЭЭИК)

2018-жылда – 554,2 млн кВтс, бул 2017-жылдагыга караганда 43,65 млн кВтсаатка көп;

2017-жылда – 510,6 млн кВтс.

- электр энергиясын керектөөчү-алып сатуучучуларга (КАС)

2018-жылда – 136,5 млн кВтс, бул 2017-жылдагыга караганда 19,4 млн кВтсаатка көп;

2017-жылда – 117,1 млн кВтс.

электр энергиясын дүңүнөн сатып алып-сатуучуларга (ДАС)

2018-жылда – 674,4 млн кВтс, бул 2017-жылдагыга караганда 182,0 млн кВтсаатка көп;

2017-жылда – 492,3 млн кВтс.

“Кумтор Голд Компани” ЖАК

2018-жылда – 288,7 млн кВтс, бул 2017-жылдагыга караганда 0,65 млн кВтсаатка аз;

2017-жылда – 289,3 млн кВтс.

“Электр станциялары” ААКнун субабоненттерине

2018-жылда – 5,9 млн кВтс, бул 2017-жылдагыга караганда 2,7 млн кВтсаатка аз;

2017-жылда – 8,6 млн кВтс.

Бөлүштүрүүчү электрокомпаниялардын (мындан ары – БЭК) тармактарына электр энергиясынын келип түшүүсү:

2018-жылда – 12 153,6 млн кВтс, бул 2017-жылдагыга караганда 484,3 млн кВтсаатка көп;

2017-жылда – 11 669,3 млн кВтс.

БЭКтин тармактарында электр энергиясынын жоголуусу:

2018-жылда – 1 543,9 млн кВтс же келип түшкөндүн 12,7%, бул 2017-жылдагыга караганда 0,4%га аз;

2017-жылда – 1 530,5 млн кВтс же келип түшкөндүн 13,1%.

Керектөөчүлөргө пайдалуу берилген электр энергиясы:

2018-жылда – 10 534,9 млн кВтс, бул 2017-жылдагыга караганда 473,7 млн кВтсаатка көп;

2017-жылда – 10 061,2 млн кВтс.

 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.