“24.kg” агенттиги тарабынан 15-мартта жарыяланган маалымат боюнча
Поделиться материалом
Опубликовано: 15 марта 2019

Улуттук энергохолдинг, маалыматта келтирилген бир катар тартип бузуулар мурдагы жетекчиликтин убагында болгондугун, жана азыркы учурда андай учурлар жок экендигин билдирет.

Улуттук энергохолдинг менен “Чакан ГЭС” ААКнун мурдагы генералдык директору А.Осмонжановдун ортосундагы эмгектик талаш-тартыштар боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз.

Анын иш сапарында жүргөн убакытта кызматтан мыйзамсыз бошотулгандыгы тууралуу маалымат чындыкка жатпайт: “Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун Нарын облусунда объектилери жок, ошондой эле кызматтык тапшырма да, багыттама да, аталган аймакка чакыруу да болгон эмес.

Ал башкарган учурда акционердик коомдун коллективинде жагымсыз жагдай түзүлүп, кызматкерлерден көптөгөн расмий датаануулардын келип түшүүсүнө алып келген.

Энергетикалык тармакта атайын билими болбогон менен, А.Осмонжанов, мурдагы энергетика министри жана Жогорку Кеңештин депутаты А.Шадиевдин, ошондой эле Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы А.Калиевдин колдоосу менен 6 жыл ичинде, 2011-жылдан баштап, басма-сөз катчысынан министрдин жардамчысына, ТВЕА компаниясынын республикадагы өкүлүнөн “Чакан ГЭС” ААКнун генералдык директорлугуна чейинки мансап тепкичтерин зуулдап басып өткөн.

Азыркы учурда Улуттук энергохолдинг Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБна А.Осмонжанов тарабынан кызматтык жасалмалоо фактысы жана Улуттук энергохолдингден акча каражаттарын алып чыгууга аракет боюнча арыз берди.

Мындан тышкары, Улуттук энергохолдинг А.Осмонжановдун ушак-айың мүнөздөгү маалыматтарды тараткандыгы үчүн доо арыз берүү маселесин карап жатат.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.