Улуттук энерогохолдингдин кызматкерлери Биринчи май районунун Жеңиш көчөсүндөгү скверде ишембилик өткөрүштү
Поделиться материалом
Опубликовано: 18 марта 2019

Улуттук энерогохолдингдин кызматкерлери, Башкарманын Төрагасы Азамат Абдыкадыровдун жетекчилиги астында Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Республика жана Жеңиш көчөлөрүнүн кесилишиндеги сквердин айланасын тазалоо боюнча ишембилик өткөрүштү.

Ишембиликтин жүрүшүндө сквердин аймагы түшкөн жалбырактардан жана таштандылардан тазаланды.  Сквердин тегерегинде жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары Улуттук энергохолдингдин кызматкерлерине ыраазылык билдиришти.

Аталган ишембилик, Республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.