Бүгүн, 2017-жылдын 28-декабрында “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКда модернизацияланган Борбордук диспетчердик пункттун ачылышы болду. Ага Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК Башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев, ошондой эле “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК жетекчиси Медетбек Айткулов жана “Электр станциялары” ААК жетекчиси Узак Кадырбаев катышты. Биринчи жолу Кыргызстанда “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК борбордук диспетчердик пунктунда республиканын энергетика тутумунун параметрлерин чындап чагылдыруучу, өнүккөн мамлекеттердин диспетчердик кызматынын заманбап талаптарына жооп берген 3х7 метрлик проекциялык видеокубдар орнотулду. “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК Борбордук диспетчердик пункту “Энергетика тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында модернизацияланды. Бул долбоордун негизинде “КУЭТ” ААК менен анын керектөөчүлөрүнүн интерфейстик пункттардагы ЭЭКЭАТ – электр энергияны коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутуму орнотулду. Мындай тутум маалыматтын эсептөөнүн борбордук тутумуна кайтарылышын камсыздоо үчүн бардык интерфейстик пункттарга жана коммуникациялык тутумдарга жаңы эсептегичтерди киргизет. “КУЭТ” ААК бардык көмөк чордондорунда бир интерфейс менен 200 эсептегич алынып келинди, ал эми эки интерфейс менен 800 эсептегич орнотулду. Ошондой эле мониторинг же башкаруу (SCADA-Supervisory Control And Data Acquisition — диспетчердик башкаруу жана маалыматтарды топтоо) объектиси тууралуу маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, көрсөтүү жана архивдештирүү тутумунун ыкчам иштөөсүнө багытталган SCADA тутумунун базалык милдеттери орнотулган. Узундугу 523 км болгон SCADA була-оптикалык кабели «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Карагачевая, Главная, Чүй, Фрунзенская, Кара-Балта, Быстровка Ала-Арча, Парковая, Бишкек ТЭЦ көмөк чордондордон Чүй ЖЧЭТИне 220-110 кВ аба чубалгыларынын тегереги менен тартылган.