Кыргыз Республикасынын премьер-министри энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Поделиться материалом
Опубликовано: 22 декабря 2017

Кыргыз Республикасынын премьер-министри энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрам менен куттуктады. Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоо тексти берилген. Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери! Кыргыз Республикасынын атынын жана жеке өзүмдүн атымдан Энергетика күнү кесиптик майрамыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Электр менен жылуулук тиричиликте да, иште да жана эс алууда да пайдаланабыз, ансыз күнүмдүк ишибизди элестетүү кыйын. Маалыматтык кылымдын келиши жана өндүрүштүк иштин автоматташтырылышы менен жүгүртүү күчөгөндүктөн, электр энергетиканын ролу  Кыргызстандын экономика тармактарында жогорулады.
Урматтуу энергетиктер, кесипти мыкты билгендигиңер, жоопкерчиликтүү жана ырааттуу иштегениңерден улам энергетикалык комплекс республиканын калкын жарык жана жылуулук менен камсыздоо боюнча маанилүү миссиясын аткарып жатат.
Мамлекеттик энергетиканын ардагерлеринин салымдары жогору экендигин баса белгилей кетүү зарыл. Тарыхта кыска убакыттын ичинде энергетикалык тармак – мамлекеттин экономикасынын негизи түзүлгөн. Алардын билимдери жана тажрыйбалары аркылуу энергетика тутуму күчтүү болгондуктан, учурда да туруктуу иштеп жатат. Адистердин жаш мууну салттыкты инновация менен айкалыштырып, тутумду сактап калууга жана анын иштөөсүн жакшыртууга, үлгүлүү адамдардын ийгиликтерин көбөйтүүгө тийиш!
Акыркы жылдарда энергетика тармагы олуттуу өзгөрүүгө учурады. Энергетика тутумунун кубаттуулугу 280 МВт жогорулады. Электр тармактарындагы электр энергиянын жоготуулары  электр энергиянын берилишин эсептөөнү жана аны керектөөнү автоматташтыргандан кийин эки эсеге төмөндөдү. Энергетика тармагындагы негизги жетишкендиктер “Камбар-Ата 2 ГЭСин куруу”, “Датка-Кемин чубалгысын куруу” жана “Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо” сыяктуу масштабдуу долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын киргизсек болот. Жетишкен жыйынтыктарыбыз менен сыймыктанабыз, анткени өлкө энергетикалык жактан көз карандысыздыкка жетти. Энергетика тармагын өнүктүрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго-кырк кадам» программасында өзгөчө көңүл бурулууда. 2023-жылга карата Кыргызстандын энергетика тармагынын кубаттуулугун Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү, Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын калыбына келтирүү, 11 чакан ГЭСти куруу долбоорун ишке ашыруу менен 525 МВт жогорулатуу пландалып жатат. Натыйжада 2025-жылга карата иштелип чыккан электр энергиянын көлөмү жылына 16-17 млрд. кВтс чейин жетет. Аталган долбоорлор ишке ашырылса, ички рыноктогу керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздап эле калбастан, башка мамлекеттерге да, ошондой эле «CASA-1000» долбоорунун алкагында экспорттолот.

Энергиянын жаңыланган булактарынын үлүшүн иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиянын жалпы көлөмүндө көбөйтүү боюнча күн сайын иштер аткарылууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетика тармагынын кызматкерлеринин алдында жогорку билимди, компетенцияны, кесипкөйлүктү жана ак ниет кызматты талап кылган бир катар милдеттер турат. Урматтуу энергетиктер, мындай сапаттардын бары сиздерде бар. Ар күнкү эмгектериңиздер – бул тармакты, жалпы эле өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымыңыз.
Сиздерди кесиптик майрам менен дагы бир жолу куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай, ишиңиздерге ийгилик жана үй-бүлөңүздөргө бейпилчилик каалап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.