2017-жылдын 10-ноябрында Ош шаарында “Ош электр” ААК Калкты тейлөө боборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Аталган борбор “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча иш алып барат жана контракттарды, келишимдерди түзүү, техникалык шарттарды түзүү жана өзгөртүү кызматтарын сунат, ошондой эле керектөөчүлөрдүн арыз-доолорун карайт. Калкты тейлөө борбору онлайн тейлөөдөн пайдаланбаган абоненттер үчүн жакшыртылган бизнес процесстерге таянат. Бир эле оператордун тейлөөсүнө жана абоненттердин ар түрдүү маанидеги маселелерин башка адистерди жана кызматтарды катыштырбастан чечүүгө багытталган. Бюрократияны жана абоненттерди тейлөөнүн убактысын кыскартуу – эң негизги жетишкендик.