9-сентябрда “Улуттук энергохолдинг” ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушту.
Айбек Калиев жолугушуу учурунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жалпы эле энергетика тармагынын иши тууралуу маалымат берди. Ошондой эле президент менен Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы мамлекеттин энергетикасын чыңдоо боюнча мындан ары аткарылуучу иштерди талкуулашты жана кубаттуулугу 240 МВт жогорулай турган жана иштөө мөөнөтү көбөйө турган Токтогул ГЭСин модернизациялоо иштерине өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары күз-кыш мезгилинде энергетика тутумунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо планы аныкталды.