2017-жылдын 30-августунда модернизациялангандан кийинки Бишкек шаарынын ЖЭБинин жаңы энергетика блокторунун башкы корпустарынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Поделиться материалом
Опубликовано: 30 августа 2017

2017-жылдын 30-августунда 2017-жылдын 30-августунда Бишкек шаарынын ЖЭБинин модернизациялангандан кийинки жаңы энергетика блокторунун башкы корпустарынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, Бишкек ш. мэри Албек Ибраимов, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев, КЭРдин өзгөчө кырдаалдар жана ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа, TBEA компаниясынын жетекчилиги, ошондой эле энергетиканын ардагерлери жана шаардык ЖЭБдин эмгек жамааты катышты. Оңдоо иштери 2014-жылы башталганын эске салабыз. Бишкек шаарынын ЖЭБин кытай тарап модернизациялаган. Бул боюнча Кытайдын өкүлү Си Цзинпиндин 2013-жылы Кыргызстанга келген иш сапарынын алкагында КЭРдин Эксимбанкы жана КРдын өкмөтү ортосунда кредиттик макулдашууга кол коюлган.

Ошол эле жылы “Электр станциялары” ААК жана кытай компаниясы “TBEA” ААКнын ортосунда “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууга 386 млн долларлык контрактык макулдашуу түзүлгөн.

“Бишкек ш. ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунун алкагындагы иштер үч этапка бөлүнгөн:

I этап: ЖЭБдин калган жабдууларынын ишенимдүү иштөөсүн камсыздоо (инженердик тармактарды курулуш аянтчасына чыгаруу).

II этап: Реконструкцияланып жаткан ЖЭБдин жабдууларын ажыратуу.

III этап: Жаңы жабдууларды куруу жана монтаждоо.

Ажыратуу жана монтаждоо иштеринин баары “Электр станциялары” ААК адистери жана Бишкек ЖЭБинин кызматкерлери тарабынан түздөн-түз аткарылды. Аткарылып жаткан курулуш-монтаж иштеринин сапатын күнүмдүк мониторинги жүргүзүлгөн. Курулуп жана монтаждалып бүткөн объекттерди этабы менен кабыл алуу КР 12-03-00 КЧжЭ ылайык жүргүзүлгөн. Аткарылган иштердин натыйжасында ЖЭБдин белгиленген кубаттуулугу 812 МВт жетти, анын 300 МВт эки жаңы энергетика блогун куруу жана ишке киргизүүнүн эсебинен, ар биринин кубаттуулугу 150 МВт.

-          Курулган блоктор жергиликтүү кавак көмүр кенинде иштеп, мамлекеттин импорттук сырьяга болгон көз карандысыздыгын азайтууга жана республикабыздын көмүр өнөр жайын өнүктүрүүгө жардам берет. Электр станциялардын жергиликтүү көмүрүн жылдык керектөө станциянын иштөө режимдерине жараша жылына 550 миң тоннадан 1200 миң тоннага чейин ашып кетип жатат.

-          Ошондой эле жаңы от казандардын иштөөсү түтүн газдарын толук тазалоого негизделгенин жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбесин белгилей кетүү зарыл. Станциянын пайдалуу иштөөсүнүн коэффиценти 23%дан  51% чейин жетти.

-          Социалдык планда станциянын кубаттуулугунун артышы кошумча 130 адисти иш менен камсыз кылат, натыйжада республиканын фондуна кошумча акча каражаты кирет. Бул долбоордун аякташы шаардын калкын сапаттуу электр энергия жана жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ийгиликтердин бири болуп саналат, ошондой эле жалпы Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрөт. 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.

Келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктоолорубузду кабыл алыңыз!