2017-жылдын 8 айында “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниясы тарабынан 5,2 млрд. сом топтолду.
8 айдын ичинде “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармагына 3,8 млрд. кВтс электр энергиясы кирди, 2016-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 400 млн. кВтс көп.
Өтүп кеткен убакыттын ичинде “Түндүк электр” бөлүштүрүү компаниясынын продукциясы 4,9 млрд. сомду түздү, ошондой эле 5,2 млрд. сом (106%) чогулду.
Сегиз айдын жыйынтыгы боюнча электр энергиясынын жалпы жоготуулары 12,5% түзүп, 2016-жылдын деңгээлине караганда 0,2% аз.
Өтүп кеткен мезгилдин ичинде элден төлөмдөрдү чогултуу 112,3% аткарылды,
өнөр жай объекттери боюнча 101,8%,
бюджеттик уюмдар боюнча 102,2%,
айыл чарба объекттери боюнча 95,9%,
башка керектөөчүлөргө көрсөтүлгөн эсептердин суммасынан 98,7%,
Өтүп кеткен мезгилдин жыйынтыктары боюнча бөлүштүрүү компаниялары тейлеген аймактар төмөнкүдөй көрүнөт:
шаарда төлөмдөрдү чогултуу 103% түздү
Чүй облусунда 108,4%,
Талас облусунда 112,4%.