Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо” долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты.
Поделиться материалом
Опубликовано: 18 сентября 2017

2017-жылдын 16-сентябрында Улуттук энегохолдинг башкармалыгынын төрагасы А.Р. Калиев Токтогул ГЭСинин реконструкцияланышы менен таанышты. Ал барганда 2017-жылдын 10-августунда ишке киргизилген №3 гидроагрегаттагы электромеханикалык жабдуулар (500 кВ кабелдик линия,  күч берүүчү транформатор, генератордук өчүргүчтөр, жеке муктаждыктардын трансформаторлору, бөлүштүрүүчү түзүлүштөр) каралды.  

Мониторинг аяктагандан кийин “Электр станциялары” ААКсынын өкүлдөрүнүн жана долбоордун көтөрмөчүлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген жыйын өткөрүлдү, анда долбоорду ишке ашыруу, жабдууларды ташып келүү жана иштерди жүргүзүү боюнча утурумдук маселелер талкууланды. 2017-2018-жж. күз-кыш мезгилинин жакындап калганын эсепке алуу менен иштөө графигин толук сактоо зарылдыгы айтылды. Күз-кыш мезгили келгенге чейин Токтогул ГЭСинин (№3 жана №2) эки гидроагрегатындагы электр механикалык жабдууларды алмаштыруу иштерин бүтүрүү пландалып жатат.

Мындан тышкары “Электр станциялары” ААК жетекчилеринин жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана оңдоо иштерин жүргүзүлүп жатышы боюнча филиалдардын директорлорунун катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Аталган жыйындын жыйынтыгында долбоорго тийиштүү иштерди убагында бүтүрүү жана күз-кыш мезгилинен жеңил чыгуу үчүн ар бир багыт боюнча конкреттүү протоколдук тапшырмалар берилди.

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.

Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында энергетиктер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоого багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашырышты.

Келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктоолорубузду кабыл алыңыз!