Улуттук энергохолдинг Ю.Н. Руденко атындагы эл аралык илимий семинарды баштатты
Поделиться материалом
Опубликовано: 12 сентября 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 12-сентябрында Чолпон-Ата шаарында Ю.Н. Руденко атындагы “Энергетиканын чоң тутумдарынын ишенимдүүлүгүн изилдөөнүн методикалык маселелери” эл аралык семинары башталды.

Иш-чарага электр энергетикасы тармагындагы алдыңкы илимий-техникалык институттардын окумуштуулары жана илимий кызматкерлери, ири энергетика компанияларынын жетекчилери, КМШ өлкөлөрүнөн келген өндүрүштүк адистер жана тармактын ардагерлери катышты. Отурумдун мазмуну төмөнкү маселелерди камтыды:

  1. Иштеп жаткан энергетика тутумдарынын ишенимдүүк маселелери жана аларды иш жүзүндө чечүү;
  2. Интеллектуалдуу энергетика тутумдары – энергиянын ишенимдүүлүгү жагынан жаңы чакырыктар;
  3. Энергетиканын азыркы жана келечектүү тутумдарынын ишенимдүүлүгүн изилдөө жана камсыздоо үлгүлөрү жана ыкмалары;
  4. Энергиянын акыркы керектөөчүлөрүн энергия менен камсыздоо ишенимдүүлүгүнүн маселелери;
  5. Электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүнө карата электр энергиясынын сапатына таасир этүү;
  6. Техникалык абалды оңдоо-түзөө: тажрыйба, маселе, чечүү жолдору.

Семинардын негизги багыттары – илимий жана өндүрүштүк потенциалдарды бириктирүү базасын түзүү. Бул иш-чарада техникалык жетекчилер энеретикадагы техникалык иштерди башкарууда жаңы иштелмелер жана мамилелер менен тааныш болушат.

“Улуттук энергеитикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын жетекчиси Айбек Калиев семинардын ачылышында көбөйүп бара жаткан ички керектөөчүлөрдү электр жана жылуулук менен камсыздоо жана экспорттун потенциалын өнүктүрүү үчүн кыргыз энергетика тутумун туруктуу өнүктүрүү боюнча коюлган тапшырмалар тууралуу сөз кылды. Айбек Калиев сөзүн аяктап жатып, семинардын катышуучуларына жемиштүү иштөөсүн, ошондой эле келечекке карай электр энергетика секторунун чоң милдеттерин пландоо жана чечүүнү каалады. Эл аралык семинар “Улуттук энергетикалык холдинг” ААК (Кыргыз Республикасы), Л.А. Мелентьев атындагы Энергетика тутуму институту (Россия Федерациясы) жана Россия Федерациясынын Энергетика миинстрлигинин тажрыйбасын жогорулатуунун Петербург энергетика институту тарабынан уюштурулду. 

Поделиться материалом
Другие материалы в категории Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун. 3-фаза” алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК, Чүй электр тармактар ишканасы филиалында пилоттук ERP системасын ишке ашыруу» ачык тендерин жарыялайт.

Бүгүнкү күндө бардык энергетика компаниялары 2022-2023-жылдарынын күз-кыш мезгилинин алкагында иш-чараларды ишке ашырууну аяктады.

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен өткөн күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, 73,852 млн кВт саатты түзгөнүн билдирет.