Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 16 августтагы № 536 буйругунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын төрагасы Калиев Айбек Рыспекович кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, кызматтык иштеги жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн жана Кыргыз республикасынын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын майрамдоого байланыштуу энчилүү саат менен сыйланды.