“Түндүк электр” ААК Жайыл районундагы “Кайыңды-Буденовка” 35 кВ ЭӨЧ реконструкциялап жатат.
Бүгүн, 25-августта “Түндүк электр” ААКсынын жогорку вольттогу кызматы Чүй облусунун Жайыл районундагы “Кайыңды-Буденовка” 35 кВ ЭӨЧ реконструкциялоо менен алек. Бул чубалгынын иштөө мөөнөтү 25 жыл болсо да, иштегенине 30 жылдан ашып, кызмат кылуучу участокто авария болуу ыктымалы өтө жогору. Электр куроочулар 24,3 км узундуктагы чубалгыга кошумча темир-бетондон жасалган 6 тирөөчтү орнотушту жана учурда 10 км алюминийден жана темирден жасалган эски зымдарды (алюминийдин иштелип чыккан эритмесинен жасалган тикендүү зымдардан ийрилген зымдар) алюминий-болоттуусуна алмаштыруу менен алек. Алюминий-болоттон жасалган зымдар 45 жыл иштөөгө эсептелген. Аткарылган иштердин натыйжасында Жайыл районунун Алтын, Калдык, Кара-Дөбө айылдарынын электр менен ишенимдүү камсыз болушу жакшырат.
Эске салсак, май айында “Түндүк электр” ААКсынын адистери “Кайыңды-Буденовка” ЭӨЧ кирме жолду түздөштү. Бул ишке акционердик коомдун атайын техникасы тартылган.