Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 31-июлда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери тизмесине сунуштар жөнүндө” чечимине кол койду, ага ылайык “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесинин “А” категориясына киргизилди.
Мамлекетти туруктуу өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүн аткаруу үчүн социалдык-экономикалык мааниге ээ стратегиялык объекттерди тартипке келтирүү жана категорияга бөлүштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин сунуштарына макул болуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте төмөнкүдөй чечим кабыл алууну сунуштоо чечимин кабыл алды:
- “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коомун Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесиндеги “А” категориясына (өзгөчө маанидеги объекттер) киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объекттеринин тизмесинен “Кыргызстан” авиакомпаниясы” ачык акционердик коомун (“Эйр Кыргызстан” ачык акционердик коому) чыгаруу.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги отуруму 2017-жылдын 17-июлунда мамлекет башчысынын жетектөөсү астында өттү.