Бүгүн Улуттук энергохолдингде Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кубанычбек Турдубаев менен Улуттук энергохолдинг Башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыковдун катышуусунда Улуттук энергохолдингдин базасында бирдиктүү сатып алуу борборун түзүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
Бүгүнкү күндө энергетика тармагы кризистик абалда турат. Учурдагы кырдаалга таасирин тийгизген негизги факторлор - чоң көлөмдөгү кредиттер, тарифтердин жасалма кармалышы жана каражаттын жетишсиздиги. Жогоруда айтылган факторлордон сырткары эң маанилүү фактор катары, кургак циклдин башталышын жана Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин кооптуу деңгээлге төмөндөп кетүү коркунучун айтсак болот.
Улуттук энергохолдиндин Башкармасынын төрагасынын орун басары Жолдошбек Ачикеев, компаниянын кызматкерлери менен биргеликте, Ош жана Жалал-Абад облустарына 2020/2021 жылдардагы күз-кыш мезгилин өтүүгө карата, “Кыргызстан УЭТ” ААК, “Ош электр” ААК жана Ош шаарындагы ЖЭБдин объектилеринин жабдууларынын даярдыгы менен таанышуу максатында иш сапар менен барды.
Улуттук Энергохолдинг Экономикалык талдоо, пландаштыруу жана сатып алуулар бөлүмүнүн экспертинин бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыялайт.
Улуттук энергохолдингдин эмгек жамааты Сиздерди Улуу Жеңиш күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Улуттук энергохолдингдин жана энергетикалык компаниялардын жамааты бир күндүк эмгек акыларын кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жабыркагандарга жардам катары көрсөтүшөт
Иш сапардын жүрүшүндө Улуттук энергохолдинг башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Бишкек шаарындагы ЖЭБдин эмгек жамааты менен жолугушуп, учурдагы көйгөйлүү маселелери менен таанышты, ошондой эле ЖЭБдин окуу борборунда да болду.
Улуттук энергетикалык холдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков Башкарманын төрагасынын жаңы бекитилген орун басарлары Жолдошбек Ачикеевди жана Мирбек Маматовду эмгек жамааты менен тааныштырды.
Улуттук энергохолдингдин башкармасынын төрагасы Бакыт Сыдыков энергетика тармагынын ардагерлери менен жолугушуп, аларды Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Башкарманын төрагасы болуп дайындалган Бакыт Сыдыковду Улуттук Энергохолдингдин эмгек жамааты менен тааныштырды.